БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент өзбекстандык машыктыруучу Акмаль Хасановго унаа белек кылды

Президент өзбекстандык машыктыруучу Акмаль Хасановго унаа белек кылды

Сүрөт президенттин администрациясынын фейсбук баракчасынан алынды/ 11.09.2024

Президент Садыр Жапаров Париждеги Олимпиадада мушкер Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болгон өзбекстандык машыктыруучу Акмаль Хасановду кабыл алып, автоунаа белек кылды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы 11-сентябрда билдирди.

 

Садыр Жапаров Хасановдун Кыргызстан менен Өзбекстан элдеринин достугун жана биримдигин даңазалаганын белгилеген.  

"Дүйнө жүзү Борбор Азия элдеринин ынтымагына, достугуна, бири-бирине жан тартып турарына күбө болду. Спортту тынчтыктын элчиси деп аташат. Силер ушундай кадамыңар менен өз ара ынтымакты бекемдөөгө салым кошуп келесиңер. Мындан ары дагы ынтымагыңар бекем болсун", — деди президент.

Акмаль Хасанов жылуу сөздөрү үчүн мамлекет башчыга ыраазычылык билдирип, Мунарбек Сейитбек уулу менен спорттук даярданууларда көп жолу жолукканын айткан. Ошондой эле анын секунданты болууга ойлонбостон макул болгонун белгилеген.

Кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиадада финалдык баскычка жеткенге чейин анын секунданты болуп өзбекстандык машыктыруучу Акмаль Хасанов коштоп жаткан. Финалда өзбек мушкери менен бет келген.

Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу мелдештерге бара алган эмес. Буну Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчиси Айбек Абдымомунов машыктыруучуларга аккредитация мушкерлер лицензия алганга чейин берилип бүткөнүн, буга байланыштуу башкы машыктыруучу гана аккредитация алганы менен түшүндүргөн.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей