БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жапония: жер титирөөдөн каза болгондордун саны 60тан ашты

Жапония: жер титирөөдөн каза болгондордун саны 60тан ашты

Ишикава префектурасында талкаланган имарат

Жапонияда 1-январда катталган катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 64кө жетти. Бул тууралуу улуттук NHK телеканы жергиликтүү бийликтин маалыматына таянып билдирди.

Маалыматка караганда, курман болгондордун көбү Вадзима шаарында. Кулаган имараттардын, үйлөрдүн урандыларынын астында дагы адамдар бар деп болжолдонууда.

Күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө Исикава префектурасындагы Ното жарым аралында жана Жапониянын борбордук бөлүгү менен чектешкен райондордо 1-январда катталган. Бир нече жолку силкинүүдөн улам аймакта миңдеген имарат, он миңдеген үй, унаа каражаттары жана кайыктар талкаланды. 97 миңден ашуун кишини эвакуациялоого буйрук берилип, адамдар түндү спорт залдарында жана шашылыш эвакуациялоо борборлору катары колдонулган мектептерде өткөрүштү.

Жапониянын бийлиги өлкөнүн батыш жээктеринде цунами коркунучун жарыялаган. Бирок 2-январда ал чечим жокко чыгарылды. Адистердин айтымында, жер титирөөлөр ушул жума ичи уланышы мүмкүн.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей