БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жапонияда катуу жер титирөөдөн кийин өлкөдө цунами коркунучу жарыяланды

Жапонияда катуу жер титирөөдөн кийин өлкөдө цунами коркунучу жарыяланды

Сүрөт: NHK WORLD - JAPAN

1-январь күнү Жапониянын борбордук бөлүгүндө күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө болуп, өлкөдө цунами коркунучу бар экендиги жарыяланды. Мындан улам Исикава префектурасындагы деңиздин жээгинде жайгашкан Ното районунун тургундарына "токтоосуз коопсуз жактарга чыгып кетүү" эскертүүсү берилди. Бул тууралуу улуттук NHK телеканалы маалымдады.

Маалыматка ылайык, учурда аталган аймакта толкун беш метр бийиктикке көтөрүлүп жатат. Андан тышкары коңшу Ниигата жана Тояма райондорунда да эскертүү берилди. 

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, зилзаладан кеминде отузга жакын адам каза болуп, ондогон кишилер жарадар болду. Элүүгө чукул турак-жай жабыркаган. Кырсыктын масштабы куткаруучулар жабыркаган аймактарга жеткенде толугу менен белгилүү болот.

2011-жылдын 11-мартында Жапонияда күчү тогуз балга жеткен жер титирөөдөн кийинки цунами 20 миң кишинин өмүрүн алган. Ошондой эле "Фукусима" атомдук станциясында эң ири авария катталган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей