БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жарым жылдыкта кайсы орган жакшы иштеген? Мониторингдин жыйынтыгы жарыяланды

Жарым жылдыкта кайсы орган жакшы иштеген? Мониторингдин жыйынтыгы жарыяланды

Сүрөт интернеттен алынды

Жылдын башынан бери төрт мамлекеттик орган канааттандыраарлык жумуш аткарган эмес. Мындай жыйынтыкты Министрлер кабинетинин мониторинги көрсөттү. 

Өкмөт мамлекеттик органдардын, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ушул жылдын алты айындагы ишмердиги баалаган. 

Анда Айыл чарба, Билим берүү министрликтери баш болгон 7 органдын жумушу эң жакшы аткарылган деген жыйынтык чыккан. 

Саламаттык сактоо, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, президенттин Талас жана Баткен облустарындагы өкүлчүлүктөрүнүн аткарган иштери канааттандыраарлык эмес экени аныкталган.  Дагы 7 мекеме "жакшы", үчөө "канааттандырарлык" деген баа алышты.

Бул баалоого үчтөн аз упай алган мамлекеттик органдар киргизилген эмес.Баалоонун кийинки этабы жылдын жыйынтыгы боюнча декабрь айында жүргүзүлөт.

Министрлер кабинети былтыры да жарым жылдык баалоону жарыялаган. Анда 11 мекеме "эң жакшы"деген бааны алып, эки мекеменин иши "канааттандырарлык эмес" деп бааланган. 

Автор: Осмонова Айдана > 620 статей