БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жасалма интеллект: Сүрөт, видео менен алдоо жеңилдеп бара жатат

Жасалма интеллект: Сүрөт, видео менен алдоо жеңилдеп бара жатат

Коллаж

Интернетте сизди алдап коюу мурдагыдан да оңой болуп баратат. Жасалма интеллект тууралуу уккан болсоңуз керек. Биз ал жаратып жаткан фейктер жана аларды кантип айырмалоо жөнүндө айтып беребиз. 

 

Негизи жасалма интеллект деген эмне? Бул- адам акылындай иштеп, анын ордуна маселелерди өзү чече же жасай алган система. 

 

Мындай технолгиянын жардамында биздин жумушубуз жеңилдеп, адамдын жүзүн тааный алган камералар, айдоочусуз жүргөн унаа, учкучсуз учкан учактар сыяктуу жаңы аппараттар пайда болгон.

 

Бирок адам мээсинин принцибинде иштеген нейротармактар үн таанып, сүрөт тарта баштагандан бери андан фейк жаратууну каалагандар көбөйдү. Азыр сиздин текст жүзүндө эле айтып берген окуяңыздан же образыңыздан сүрөт жасап бере алган нейросеттер бар. Алардын эмгектери чындыкка ушунчалык окшош болгондуктан жасалма интеллект жасаганын билбей ишенип алгандар көп.

 

Мисалы, быйыл 22-майда АКШдагы Пентагондун жанында жарылуу болгону тууралуу сүрөт тараган. Бир караганда баары реалдуудай. Бул сүрөткө ишенип, жаңылык жазган ЖМКлар да болду. Бирок ал жасалма интелекттин жардамында жасалган. Кийин АКШ расмий түрдө да бул маалыматты төгүндөгөн.  

 

 

Ага чейин Дональд Трампты полиция кармап кеткени тууралуу да сүрөт жайылган. Ал да жасалма интеллекттин жумушу.


 

Нейротармактарда жаралган сүрөттөр согушта да колдонулуп жатат. Мисалы, октябрда Палестина-Израил чатагы башталгандан кийин социалдык тармактарда “Газадагы жарылууда урандылардын алдында калган наристе” деген аталышта сүрөт тараган. Бирок аны да нейротармак тарткан.


 

Ушул эле сүрөт согуш баштала электе, февралда эле соцтүйүндө Түркиядагы жер титирөөдөгү абал катары да жайылтылган. 

 

Анын аркасында беделдүү эле басылмалар сын укту. Көпчүлүк Палестинаны коргоо акцияларында жарандар ушул сүрөттү көтөрүп чыккан. Аны кармап турган адамдардын сүрөтүн баш темага коюп, бирок аны жасалма интеллект жаратканын эскертпегени үчүн франциялык Libération газетасы “фейк” таратты деп сынга кабылган. 

 


Булардын баарын нейросеть жаратканын дароо аныктоо мүмкүн эмес. Ал үчүн атайын программалар да жок. Бирок аны өз алдынча айырмалап көрсөңүз болот. Нейротармактар акыркы учурда сүрөттү реалдуудай тартып, улам жаңыланып баратат. Бирок айрымдарынын кемчиликтери бар. Алар кээде адамдын дене мүчөлөрүн, бутун, колун чыныгы көлөмүнөн чоң же кичине кылып, манжаларын ашыкча тартып коёт. Сүрөттө айрым буюмдар башкасы менен жуурулушуп кеткен учурлар да болот. 

 

Мисалы, биринчи сүрөткө кайталы. Аны жакшылап карасаңыз тротуар тегиз эмес, чырактын тирөөчү да түз эмес, бөлүнүп калгандай. Жашыл чөп жуурулушуп кеткен.

 

Трамптын кармалганы тууралуу сүрөттө полиция кызматкерлеринин колунун манжалары чыныгы адамдын колуна окшошпой калган.  

 

Газадагы наристе деп таратылган сүрөттө да кол манжалары ашыкча тартылган. 

Нейросеттер аркылуу тарыхый жалган маалымат жараткандар да пайда болду. Мисалы, мартта Reddit сайтындагы  Midjourney форумунда “2001-жылдагы Каскадия өлкөсүндө болгон жер титирөө учурунан” деген сүрөт жүктөлгөн. 

 

 

Чындыгында бул өлкөдө ал жылдары эч кандай табият кырсыгы болгон эмес. 

 

Ушул эле форумда Midjourney нейросети тарткан башка сүрөттөрдү да көргөнгө болот. 

 

Жасалма интеллект дүйнө сүрөтчүлөрүн да алдай алды. Апрелде дүйнөлүк фотографтардын конкурсунда германиялык, 30 жылдык тажрыйбасы бар сүрөтчү Борис Эльдагсендин нейросет тартып берген сүрөтү биринчи орунду жана 5000 доллар байгени уткан. 

 

 

Бирок сүрөтчү жеңишинен кийин гана аны өзү тартпагананын моюндап байгеден баш тарткан. Ал эми калыстар эмгекти жасалма интеллект жаратканын билгенин, тексттик сүрөттөмөнү берүү үчүн да талант керек экенин белгилеп ага жеңиш ыйгарышканын айтып актанышкан. 

 

Буга чейин factcheck.kg сайты Кыргызстанда да фейк аккаунт иштеткен адамдар жасалма интеллекттин жардамында жасалган сүрөттөрдү колдоно баштаганын аныктаган эле. 

 

Эми эмнеге мындай сүрөттөрдү айырмалай билишиңиз керек?

 

Көп учурда нейротармак тарткан сүрөттөр адамдын оюн өзгөртүп  же кээ бирлерге зыян келтирүү үчүн атайын таратылышы мүмкүн. 

 

Жыл сайын интернеттеги эркиндикти изилдеп турган Freedom House уюму 2023-жылдагы жыйынтыгында дүйнөлүк желеде жасалма интеллектти атаандаштарын каралоо, элдин пикирине таасир этүү, алардын оюн бурмалоо жана күмөн жаратуу үчүн колдонгон өлкөлөр көбөйүп баратканын жазган. Демек, сиз да абайлап, өзгөрүүлөргө даяр болушуңуз керек. Ар бир маалыматка сын көз менен караганды унутпаңыз. 

 

 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей