БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кара-Суу: Жаңы-Барак айылындагы үйлөр октябрда ээлерине тапшырылат

Кара-Суу: Жаңы-Барак айылындагы үйлөр октябрда ээлерине тапшырылат

Сүрөт: президентин Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Ош облусунун Жаңы-Барак айылына курулуп жаткан 101 үйдүн курулушу бир айдын ичинде толук бүтүп калат. Кара-Суу районунун акими Канат Табалдиевдин "Т-Медиага" билдиришинче, ушу тапта курулуш менен катар эле канализациясы жасалууда.

"Учурда косметикалык оңдоп-түзөө эле калды. Бир айдын ичинде бүткөрүп, жашоочуларга тапшырабыз".

Ал жердеги үйлөр бирдей үлгүдө салынууда. 

Өзбекстандагы Барак эксклавынан кыргызстандыктар ушул жылдын апрелинде Оштун Кара-Суу районуна көчүрүлүп чыккан. Аларга Жаңы-Барак айылын куруу 6-майда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда башталган. Кыргыз бийлиги Барактан көчүрүлүп келгендерге 98 үй куруп берерин билдирген. Бул үчүн 270 миллион сом каражат бөлүнгөн.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей