БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Оштогу жаңы базардын жери боюнча Жетигеновдун үстүнөн прокуратурага арыз жазылды

Оштогу жаңы базардын жери боюнча Жетигеновдун үстүнөн прокуратурага арыз жазылды

Сүрөт: Ош шаарынын мэриясы

Юрист Төлөгөн Келдибаев Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун үстүнөн шаардык прокуратурага арыз жазды. Анын айтымында, жаңы салынып жаткан муниципалдык базардын жери трансформация боло элек.

Келдибаев арызында "калаа башчысы суугат-айдоо жерлердеги эгиндерди талкалап, өз билемдик менен базар куруп жатканын" белгилеген. Ал буга мыйзам чегинде чара көрүүнү өтүнгөн. 

"КР өкмөтүнүн 2009-жылдын 31-июлундагы № 257 токтому менен бекитилген "Сугат айдоо жерлеринин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мароторий киргизүү" жөнүндөгү мыйзамын негизги багыты азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана "Өзгөчө балуу айыл-чарба багытындагы жерлерди коргоо" көрсөтүлгөндүгүнө карабастан, президенттин 2013-жылдын 15-июнундагы № 145 жарлыгы менен бекитилген "Жер участокторун которуу (трансформациялоого) жөнүндө мыйзамынын укуктук негиздерин, шарттарын жана тартибине, Өкмөттүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген жер участокторун которуу (трансформациялоо тартиби жөнүндөгү убактылуу жобонун максаттарына каршы келет" деп эсептеймин. Жогорудагы мыйзам бузууларды токтотууна жана Ош шаарынын мэри Бакыт Жетигеновдун аракетине мыйзам чегинде чара көрүүңүздөрдү суранам", -деп жазылган арызда.

Ош шаардык прокуратурасы Бакытбек Жетигеновдун үстүнөн арыз мекемеге 27-июлда келип түшкөнүн, кошумча маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

 Мэр Келдибаевдин арызы тууралуу комментарий бере элек. 

Ош шаарында жаңы салынуучу муниципалдык базар Бекмамат Осмонов көчөсүндөгү "Мегаполис" соода борборунун маңдайындагы жети гектар жерге курулат. Мэриянын кабарлашынча, базар эки ай аралыгында бүтөт. Учурда орду тегизделип, шагыл төгүлгөн. Вице-мэр Марс Исаев долбоору даярдалып бүтүп калганын, жакынкы күндөрү тендер жарыяланарын айткан. 

Эске салсак, 14-июлдагы катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Ак-Буура суусу нугунан ашкан. Дарыянын жээгиндеги борбордук базарды, эс алуу жайын, турак үйлөрдү каптаган. Ошондон улам базарды көчүрүү тапшырмасы берилген. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей