БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жапалакка курулуп жаткан базардын жанындагы үйлөрдүн астынан суу көтөрүлүүдө

Жапалакка курулуп жаткан базардын жанындагы үйлөрдүн астынан суу көтөрүлүүдө

Сүрөт: "Т-Медиа"

Ошто ишкерлер 12 гектар саздак жерге жаңы базар куруп баштары менен Бирлешкен айылындагы үйлөрдүн астынан бир метрге чейин суу көтөрүлгөн. Тургундардын айтымында, ишкерлер 3-4 дренаж арыкты жаап коюшкан. Анда арыктын ичи толтурулуп, түтүк коюлган. Натыйжада суунун агып чыгуусу азайган. 

Муратбек Өскөнбаев Бирлешкен айылынын Ынтымак көчөсүндө турат. Ал жашаган аймак саздак жер болгондуктан септигине суу толуп турат. Учурда анда суу жарым-жартылай көтөрүлгөн. 

"Жаңы базар ачылып жатат, ошол жердеги эки дренажды толук эле жабып койгон. Ошолор жабылгандыктан суулар мынтип кетпей турат. Зак болуп жатат". 

Ал эми Кандалат Турдубекованын мал кармоочу сарайы эрте жазда кулап түшкөн. Эми болсо үйүнүн кирпичтери бир четинен укаланып жатыптыр. 

“Эрте жазда кулап түштү.Үйлөрдүн ичи ным, кышында байпакчан баса албайсың. Буттуң какшайт”.

Саздак делген жердин дээрлик 10 гектарына Медербек Сабиров аттуу ишкер базар куруп жатса, Ильхом Маннанов ишкана түптөө алдында турат. "Т-Медиа" аталган маселе боюнча алардан жооп алууга байланышка чыкты. Бири жооп берген жок, экинчиси Ошто эместигин айтып, калаага кайтканда байланышарын билдирди.  

Мэриянын жообу

Вице-мэр Замир Юсупов үйлөрдүн астынан суу көтөрүлгөнү боюнча жарандардан кат жүзүндө арыз келбегендигин айтууда. Ал жерди иштетүүдө эч кимге зыян келбей тургандыгын белгилейт. 

"Азыр эми бүт маселени эч кимге терс таасирин тийгизбей тургандай кылып карайбыз. Ал жерде илгертен дренаж системасы жок эле". 

Учурда базар курулуп жаткан тилке боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул жылдын май айында корутунду чыгарган. Анда калктуу конушту сактап калуунун бирден-бир жолу катары дренаждарды сактап калуу жазылган. Мындан сырткары мекеме көлмөлөрдү көмүп салуу калктуу конушка терс таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн эскерткен. 

Буга чейин "Т-Медиа" Ошто трансформация боло элек 36 гектар жердин 9,8 гектарына базар курулуп жаткандыгын биликтеп чыккан. Аталган участок айыл чарба багынтында турат. 

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей