БАШКЫ БЕТ > Иликтөө
Жаңы мектептин чатырынан суу өтүп жатат. Имаратты ким курган?
Ошто алты ай мурун пайдаланууга берилген мектептин спорт залынын чатырынан суу өтүп жатат. Анын сыртындагы аянтча жаан жаагандан кийин ылайланып колдонууга жараксыз болуп калды. Бул №20 Исхак Раззаков атындагы мектеп. Анын спорт аянтчасынан суу өтүп, сырты сазга айланып калып жатканы тууралуу билим уясынын жетекчилиги жергилктүү бийликке кайрылган.
"Жаңы мектептин спорт аятчасы чоң, кенен сонун. Азыр "кемчиликтин баары биздин моюнубузга түшпөсүн" деп жаан жааганда суу өткөн жерлерди дене тарбия мугалимдери бор менен белгилеп жатат. Жалпы биздин эсебибиз боюнча 13 жерден суу тамчылайт. Сырты ылай болуп, жаанда саз болуп жатат. Долбоор боюнча асфальт болушу керек эле. Түз болгон жерди топурактап коюу акылга сыйбайт. Жамгыр жаайт, кар жаайт. Азыр эң кыйынчылык туурдурганы ушул болуп жатат. Чоң спорт аянтчасы түшкөн жер цемент болушу керек эле. Суу болуп агып, ал эч жакка кетпей жатат. Бул жер саз болуп эзилип турат" - дейт Ош шаарындагы №20 Исхак Раззаков атындагы мектеп-гимназиянын директору Акылбек Ташбаев.
Имаратты текшерип, курулушун кабыл алган мекеменин андагы кемчиликтерден кабары бар. Бизге компания маселе жаралган жерлерди оңдоорун билдирди.
"Текшерүүдөн өтүп, курулуш толук кабыл алынган. Спорт залы 2015-жылдары жабылган. Ошол жабдуулары талапка жооп бербей, кээ бир жерлеринен суу тамган учурлар болгон. Биз тапшырмаларды берип, башынан үстүн жаптырганбыз. Ортомчу компаниядан кепилдик кагазын да алганбыз. Азыр алардын бизде 1 млн 100 миң сомдой акчасы турат. Ошол сыяктуу кемчиликтерин оңдосо калган акчасын которобуз"- дейт Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шайырбек Жылдызбек уулу.
Мектепти кайсы компания курган?
Исхак Раззаков атындагы мектеп-гимназиянын курулушу 2013-жылы башталган. Бирок 2017-жылы имараты көтөрүлгөндөн кийин каражат бөлүнбөй, токтоп калган. Анда курулуштун сметалык баасы 244 млн сомго бааланып, 114 млн сому гана бөлүнгөн эле. 2022-жылы биздин телетоп имараттын абалынан кабар алганы барганда мектептин директору бүтпөй, кароосуз калган курулуштун сапатына тынчсызданган. Анда жаңы жабдуулардын да тура берип жарактан чыгып бара жатканын айтылган.
Ошол жылы курулуш жанданып, быйыл майда пайдаланууга берилди. Анын ачылышына президент Садыр Жапаров да катышып кеткен.
Мектепти жалпы 284 млн сомго "Капитал Курулуш" компаниясы курган. Бул эмне болгон компания, биз маалымат топтоштурдук.
"Капитал курулуш" 2021-жылы кайра каттоодон өткөн, жетекчиси Мадишов Кыялбек Насирович. 2020-жылы бул компания Ак-Буура дарыясынын жээгин оңдоп-түзөө үчүн тендерди уткан. Ал долбоорго 252 млн сом бөлүнгөн эле. Ошол кезде, Kaktus.media басылмасы компаниянын мурдагы депутат Айбек Осмонов менен байланышын табышкан.
Мекеменин жетекчиси Кыялбек Мадишов тууралуу ачык булактарда маалымат жок. Былтыр "Капитал Курулуш" мамлекетке 5,4 млн сом, быйыл 3,7 млн сом салык төккөн.
Компания Салык кызматынын былтыр 1-ноябрга, быйыл 1-мартка карата жарыялаган ири карызы барлардын тизмесинде бар.
Жыйынтык: 284 млн сомго курулуп, чатырынан суу тамып жаткан имаратты "Капитал Курулуш" курган. Компания салыктан ири карызы барлардын тизмесинде бар.
Автор: Т-Медиа > 392 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat