БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жогорку Кеңеште жаңы шайланган үч депутат ант берди

Жогорку Кеңеште жаңы шайланган үч депутат ант берди

Сүрөт Жогорку Кеңештин Фейсбук баракчасынан алынды

8-майда Бактыяр Калпаев, Бекмурза Эргешов жана Илимбек Кубанычбек уулу Жогорку Кеңеште ант берип, депутаттык кызматка киришти.

Алар 2021-жылы парламентке №7 Ош, №9 Кара-Суу жана №2 Баткен бир мандаттуу округдарынан шайланып, бирок мөөнөтүнөн мурда депутаттык ыйгарым укуктарынан ажыратылган Айбек Осмонов, Искендер Матраимов, Нурлан Ражабалиевдин ордуна келишти.  Алар үчөө тең парламенттеги "Мекенчил" депутаттык тобуна кошулду. 

28-апрелде Ош, Баткен, Кара-Суу шайлоо округдарында кайра шайлоо өткөн.

Бактыяр Калпаев

Баткенден шайланган Бактыяр Калпаев "Комфорт Хаус" курулуш компаниясынын директору. 2020-жылы "Мекенчил" партиясынын тизмесинде болгон. 2021-жылы "Ата-Журт Кыргызстан" париясына  кошулган. Быйыл бул партиянын тизмесинен чыккан. Бактыяр Калпаевдин буга чейин Жогорку Кеңештип аппаратында иштегени боюнча маалыматтар бар. Ал бул кызматтан 2019-жыл кыргыз-тажик чек арасы боюнча бийликтен протокол сурагандан кийин кеткен

Бекмурза Эргешов

Оштон депутат болгон Бекмурза Эргешов Ош мэриясына караштуу "Жылуулуккамсыздоо" ишканасынын 2020-жылдан бери жетектеп келген. 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоого бийликчил делген "Биримдик" саясий партиясынын тизмесинде катышканМындан сырткары ал шайлоодон кийинки башаламандыктарда Ош шаарынын борбордук аянтында 6-октябрда өткөн Жээнбековдорду колдоо митингин алып барган. 

Андан кийин, 2021-жылы Эргешов Ош шаардык кеңешине "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын №7 катар номурунда депутат болуп шайланып, 2-августта мандат алган. Ошол учурда ал мурдагы иш бөлмөсүн депутаттык жеке иш бөлмөсүнө айлантып алганын эркин журналист Ыдырыс Исаков жарыялаган. Ош мэриясынан бул окуяны атайын административдик комиссия териштирээрин билдирген. Жыйырма күндөн кийин Бекмурза Эргешов кайра мандатын тапшырып берип "Жылуулуккамсыздоо" ишканасынын жетекчилигине кайткан.

Илимбек Кубанычбеков 

Кара-Суу округунан шайланган Илимбек Кубанычбеков кесиби боюнча врач-ортодонт. Райондогу Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаты жана Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы болгон. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого ал "Кыргызстан" партиясынын тизмесинде катышкан. Анын атында "Кара-Суу биримдиги" коомдук фонду бар. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей