БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жаңы желектин сүрөтү түшүрүлгөн паспорттор апрелден тарта чыгарыла баштайт

Жаңы желектин сүрөтү түшүрүлгөн паспорттор апрелден тарта чыгарыла баштайт

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстандын жаңы туусу түшүрүлгөн ID паспорттор апрелдин ортосунан тарта, ал эми жалпы жарандык паспорттор 2025-жылдан баштап чыгарыла баштайт. Бул тууралуу  Калкты каттоо департаментинин башчысы Арсен Миңбаев 27-февралда парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында билдирди.

"Тууга байланыштуу документтерди алмаштыруу керек деп айтылган эмес. Колдогу документ мөөнөтү бүткүчө жарактуу, аны алмаштыруунун кажети жок. Ал эми план боюнча бизде жаңы туу түшүрүлгөн ички паспорттор апрелдин ортосунан тартып берилет, — деди ал.

Мамлекеттик тууну өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоор 2023-жылы декабрда Жогорку Кеңеште талкуусуз кабыл алынган. Ага президент Садыр Жапаров 22-декабрда кол койгон. Мыйзам 26-декабрда мамлекеттик "Эркин-Тоо" гезитине жарыялангандан кийин күчүнө кирген. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей