БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жаза аткаруу кызматы Арстан Алайдын өлүмү тууралуу маалымат берди

Жаза аткаруу кызматы Арстан Алайдын өлүмү тууралуу маалымат берди

Сүрөт интернеттен алынды

Арстанбек Абдылдаевдин сөөгү 5-январда эртең менен Жаза аткаруу кызматынын атайын дарылоо түзөтүү мекемесинин ашканасында асылган абалда табылган. Бул тууралуу маалыматты Жаза аткаруу кызматы таратты.

Абдылдаевге “такталбаган психотикалык бузулушу, галлюцинация" деген алдын ала дарт аныктамасы коюлуп, 28-декабрда №31 түзөтүү мекемесине которулган.

Эртеси 29-декабрда анын абалы бир топ начарлаган. Мезгил-мезгили менен жүрөгү, башы ооруп, кулагы шуулдап, тамактангандан кийин ашказаны ооруп, тез-тез чарчап жатканын айтып дарыгерге кайрылган.

“Жансыз денени алгачкы кароодо дене жаракаттары табылган эмес. Өлүмдүн чыныгы себебин жана механизмин аныктоо максатында комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул факты милициянын каттоосуна алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды",- деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Арстан Алайдын абакта каза болгонун анын жактоочусу Кайсын Абакиров билдирген.

Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен Арстан Алай деп таанылган Арстанбек Абдылдаев 2024-жылдын 15-январына чейин камакка алынган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Арстанбек Абдылдаевди диний кастыкты козутууга айыпталып кармаганы 15-декабрда белгилүү болгон. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал Facebook, Instagram социалдык түйүндөрүндө, YouTub-каналда ошондой эле китептерде жана брошюраларда диний жана диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктарды таштаган. Мындан тышкары  динчилдиги боюнча жарандардын ким экендигин пропагандалоо тууралуу алынган маалыматтар негиз болгон.

Издөө иштеринин жүрүшүндө анын жашаган жеринен жана лекция өтүүчү жайларынан бир катар адабияттар, китептер, компьютер жана электрондук материалдар алынган.

"Ал өзүн "Жаңы Кудай", "Куткаруучу" деп эсептеп, башка диндерди, ишенимдерди, көз караштарды төмөн, алсыз жана жараксыз адашуу деп эсептеп, аларга терс баа берген",-деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.

Мунун алдында Арстан Алай 13-декабрдан бери дайынсыз болуп жатканы айтылып, Свердлов райондук милициясы ага издөө жарыялаганын кабарлаган.

Автор: Болот кызы Зыягүл > 39 статей