БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жазында бетти күндөн кантип коргойбуз? Косметологдон кеңеш

Жазында бетти күндөн кантип коргойбуз? Косметологдон кеңеш

Назира Шамшиева

Жаз келип бетиңиз кургап,кызарып,түлөп, так менен сепкил түшүп жатабы?  Бул көйгөй эмнеден улам болуп жатканын жана кантип арылуунун жолдорун билбей жатсаңыз,анда сизге косметолог Назира Шамшиевадан кеңеш алдык.

Саламатсызбы? Жаз келип аялзатынын жүзүнө так, сепкил түшүп,түлөп кызарган эмнеден улам болот?

-Саламатсыздарбы?!  Жазында аялзатынын бети өтө кургап кызарганы себеби, кыш мезгилинде тери клеткаларынын кургап калышы бөлмөдө жылыткыч мештерди колдонуу менен абанын курамында суунун молекулалары азайгандыктан бетибиз өтө кургап, кызарат. Ошондуктан кышында  бөлмөнүн ичинде жылыткыч мештерди колдонгондо алдына жайык идишке суу коюп алыңыз. Андан сырткары керектүү витаминдерди ичип суунун көлөмүн толуктап, атайын бетке арналуучу косметикалык каражаттарды сөзсүз түдө колдонушубуз зарыл. Бетке сепкил тактартардын түшүшүүнүн себеби жазда күн аябай ачуу болуп ультра кызыл нурлары бетибиздеги меланоцит клеткаларыны дүүлүктүрүп, кара дактарды жана сепкилдерди чыгарып турган сары, күрөң пигмент  меланин боекторду чыгарып турат. Күн нурунан улам меланоцит клеткалары активдүү болот.

Күн ачуу тийсе  бетибизди кундөн кантип коргойбуз?

-Күн ачуу тийген учурда сөзсүз кундөн коргоочу бет майды колдонуу керек. Бет май ал күндүн ультра кызгылт нурлары бетибиздин терисине сиңип, мелоноцитти дүүлүктүргөндөн коргойт.

Биз климатта деңиз деңгээлинен жогору, тоолуу аймакта жашагандыктан бетибиздин терисине жараша 30+дан жогору (SPF) бет майларды колдонобуз.  Бет териңиз кургак болсо майлуураак бет майларды алабыз. Ал эми териңиз майлуу болсо атайын майлуу беттерге арналган косметикалык каражаттар бар.

Күндөн коргоочу бет майды кантип колдонобуз?

-Күндөн коргоочу бет майын эч качан кургак бетке койгонго болбойт. Алгач бетибизге нымдандыруучу бет майын же атайын бетти нымдандыруучу “своротка”коюп, анан күндөн коргоочу бет майды коебуз. Эгерде сиз машыгып, чуркап, сууга түшкөн болсоңуз SPF бет майы бат жуулуп кетет. Ошондуктан эрте менен койгон бет май бар дебей, кайрадан жаңылап туруңуз. Кечинде сөзсүз түрдө жууп тазалап жатыңыз, анткени SPF менен көп жүргөнгө болбойт.

Автор: Албина Жыргалбек кызы, Улуш Сайпидинова

 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей