БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жеңиш баатыры Абдыкерим Бактыгуловго арналган эстелик ачылды

Жеңиш баатыры Абдыкерим Бактыгуловго арналган эстелик ачылды

Абдыкерим Бактыгуловго арналган такта

Орусияда Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Бактыгуловго арналган эстелик ачылды 

Орусиянын Калининград шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, кыргыз баатырларынын бири Абдыкерим Бактыгуловдун атын түбөлүккө калтыруу максатында эстелик тактасы ачылды. Бул тууралуу "Эл аралык ишкерлер ассоциациясынын" президенти Айчолпон Садиева билдирди.

Иш-чара 11-июнда Калининграддын Большое Исаково айылындагы баатырларга арналган "Даңк аллеясында" болгон. Аталган демилгени эл аралык ишкерлер ассоциациясы колго алып, ишке ашырууга каржылык колдоо дагы көрсөткөн. 

"Ар кайсыл улуттун жоокерлеринин ысымдары чегерилген тактада он бештей жоокердин ысымы бар. Алардын бири биздин баатыр атабызга буйруптур. Демилгени ишкерлер ассоциациясынын мүчөсү Канат Каримов көтөрдү", -деди Айчолпон Садиева. 

Абдыкерим Бактыгулов 1922-жылы 1-январда Нарын районунун Эчки-Башы айылында туулган. 1941-жылдан тарта Улуу Ата Мекендик согуштун фронтторунда чыгыш Пруссияда үч жолу жарадар болгон, бирок кызматтан четтелүүдөн баш тартып, Конигсбергге (азыркы Калининград) легендарлуу чабуулга катышкан.

Улук сержант Бактыгулов Ата Мекендик согуштун экинчи жана үчүнчү даражадагы Даңк ордендери, "Кенигсбергди алганы үчүн" жана “1941-1945-жылдагы Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн" медалдары менен сыйланган. Жеңиштен кийин фронтовик Кыргыз ССРинин мамлекеттик коопсуздук комитетинде иштеген.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей