БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

УКМК: жеке медициналык мекемелерде томографиянын баасы төмөндөтүлдү

УКМК: жеке медициналык мекемелерде томографиянын баасы төмөндөтүлдү

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстанда жеке медициналык мекемелерде томографиялык текшерүүлөрдүн баасы 20 пайызга төмөндөтүлдү. Бул тууралуу 18-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы (УКМК) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ири жеке медициналык мекемелердин катышуусунда жыйын өткөрүлүп, томографиялык изилдөөлөрдүн бааларды 20%га чейин төмөндөтүү боюнча макулдашылган. Ага ылайык "Юнит-Реактив Фарма", "Медипол", "Томэкс", "Шаншуй Силк Роуд Кейджи", "Альфа МЕД-ЛТД", "Берди", "Медипарк", "Гульмед","Систем Озел Тыбби Йатырымлар ве Тиджарет", "Юрфа", "Авиценна", "Меди" "Веданта" макулдук берген. Ал эми "Кортекс Неврологиялык борбору" 30% чейин төмөндөтүүгө макул болгон.

Буга чейин УКМК бир катар жеке менчик лабораториялар кызмат акысын 30%га арзандатарын маалымдаган.                                                  

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей