БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жемкорлукка жазаны күчөткөн мыйзам долбоору сунушталды

Жемкорлукка жазаны күчөткөн мыйзам долбоору сунушталды

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштүү күчөтүү каралган мыйзам долбоору 14-сентябрда коомдук талкууга коюлду. Аны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети демилгелеп жатат.

Документте бир нече мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталган. Анын ичинде “Кылмаш-жаза” кодексинде жемкорлукка байланышкан жазалар күчөтүлгөн. 

Сунуш боюнча коррупциялык жана башка кылмыштарды жасаган жарандар белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратылып, мамлекеттик жана муниципалдык мекемеде кызмат ордун ээлөөгө өмүр бою тыюу салынат.

  • Адам күнөөнү мойнуна алып, келтирилген материалдык зыянды толугу менен төлөсө, ага каралып жактан жазанын эң жогорку мөөнөтүнүн жарымынан аз эмес убакытына эркинен ажыратылат;
  • Кызмат адамы ордун кызыкчылыктарына каршы пайдаланса жана зыян келтирсе эки жылга чейин эркиндигинен ажыратылат;
  • Эки жыл ичиндеги жалпы расмий кирешелеринин наркынан кымбат болгон мүлктү жакын туугандарына же башка адамдарга өткөрүп берген кызмат адамдарынын мүлкү конфискацияланып эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат;
  • Ишкерлик менен алектенген, ал жумушун өзү же ишенимдүү адамы башкарган кызматтагы жарандарга, ээлеп турган кызматы жеңилдиктерди, артыкчылыктарды берүү же ага башка формадагы колдоо көрсөтүү менен байланышса, коомго жана мамлекетке олуттуу залал келтирсе эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат;
  • Кызмат адамы жеке өзү же ортомчу аркылуу пара алса же пара алууга макулдук берсе мүлкү конфискацияланып эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат;
  • Шалаакылык, башкача айтканда кызмат адамынын өз милдеттерин жеңил ойлуулуктан же этиятсыздыктан улам аткарбашы же талаптагыдай эмес аткаруусу, эгер этиятсыздыктан олуттуу залал келтирсе эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

Бул беренелердин баары менен айыпталгандар белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектене албайт.

Салык кодексине да өзгөртүү сунушталган. Соттуулугу жоюлгандыгына же алынгандыгына карабастан соттуулугу бар болгон, жубайы же жакын туугандары оор же өзгөчө оор кылмыш жасаган деп таанылган, же болбосо аларга карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган адам салык кызматынын органынын кызмат адамы боло албайт.

 

 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей