БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Жер казынасы" жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынды

"Жер казынасы" жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынды

Сүрөт интернеттен алынды

Президент Садыр Жапаров өзгөртүү киргизилген "Жер казынасы" жана "Биосфералык аймактар жөнүндө" мыйзамдарга кол койду. 

Андагы толуктоолорго ылайык, эми биосфералык аймактарда геологиялык издөө иштерин, геологиялык чалгындоо иштерин, пайдалуу кендерди иштетүү жана жер казынасын геологиялык изилдөө боюнча иштерди Министрлер кабинетинин чечими менен жүргүзсө болот. 

Жер казынасын пайдалануу укугу аукцион аркылуу эң жогорку бааны сунуштаган талапкерге берилет. Буга ири жана орто алтын, күмүш кендерин иштетүү максатындагы жер казынасы кирет. Өткөрүп берилүүчү үлүштүн өлчөмүн Министрлер кабинети белгилейт. 

26-февралда Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамды өзгөртүү жана "уран, торий кендерин издөө, чалгындоо, иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө" мыйзамды жокко чыгарууну сунуштап, коомдук талкууга койгон. Бул мыйзам менен 2019-жылы Кыргызстан уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөөгө тыюу салган мыйзамы күчүн жоготмок. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей