БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Жер көчкүдөн улам Кара-Кулжа - Сары-Булак жолу жабылды
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Сары-Булак айыл аймагына кете турган жолдо 7-декабрда жер көчкү жүрүп, жол эки тараптуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Жабыр тарткандар жок.
"Кара-Кулжа — Сары-Булак ички чарбалык унаа жолунун 5-чакырымында (Көк-Жар тилкеси) жалпы көлөмү болжол менен 12000м³ жер көчкү түштү. Машиналар Шаркыратма айылы аркылуу өтчү айланма жол менен каттап жатат. Эртең, 8-декабрда ыкчам топ, техника тартылып жол тазаланат", - деп жазылган маалыматта.
Өзгөчө кырдааладар министрлиги 2022-жылы бул тилкеде жер көчкү жүрүү кооптуулугу жогору деген корутунду чыгарган.
Кыргызгидромет 8-9-декабрь күндөрү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, катуу суук болорун эскерткен. Абанын температурасы -15°Сге чейин төмөндөйт. Жолдордо муз тоңуп, тоолуу райондордо кар көчкү жүрүшү мүмкүн.
Автор: Боромбаев Максат > 157 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat