БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Аксы: Жерге-Тал үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты толугу менен күйүп кетти
Аксы районуна караштуу Жерге-Тал айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты толугу менен күйүп кетти. Кырсык 23-декабрда таңга маал катталган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абад обулусундагы координатору Каарманбек Байдавлетовдун билдиришинче, өрттүн себеби азырынча белгисиз.
"Ал имарат жыгачтан жасалгандыктан толугу менен күйүп бүткөн. Ичиндеги жабдуулары да өртөнүп кеткен. Жабыркагандар жок",-дейт ал.
Борбордо ондон ашык кызматкер иштейт. Аларга айыл өкмөт тарабынан имарат берилип, иштеп жатат.

Автор: Осмонова Айдана > 821 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat