БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жергиликтүү кеңештерди шайлоого дээрлик 500 млн сом кетет

Жергиликтүү кеңештерди шайлоого дээрлик 500 млн сом кетет

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерди шайлоого 495 млн 718 миң сом жумшалат. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, бул каражат добушканаларда иштеген кызматкерлердин айлыгы, байланыш кызматтарына, транспортко, канцелярдык товарларды сатып алууга жана чет өлкөдө шайлоо тилкелерин ачууга жумшалат. 

БШК 23-сентябрга карата өлкөдө 4 млн 114 миң 931 шайлоочу бардыгын билдирди. Бир шайлоочуга кеткен чыгым 120 миң 46 сомду түзөт. 

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрга белгиленген. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү кеңештери таркатылып, кайра шайлоо өтөт.

Шаардык кеңештин депутаттары пропорционалдык системасы боюнча, ал эми айылдык кеңештердики мажоритардык системасы менен тандалатШайлоого катышууга ниеттенген саясий партиялар үчүн 30-сентябрда брифинг өткөрүлөт. Анда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу өзгөчөлүктөр, саясий партиялар кандай аракеттерди көрүш керек, кайсыл мөөнөттөргө чейин, талапкерлердин тизмесин түзүүнүн, шайлоо фонддорун түзүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү боюнча маалымат берилет.

 

Боршайком шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү
7-октябрга чейин уланып, каттоо 18-октябрда аяктарын эскертти. Ал эми а
йылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 17-октябрда аяктайт. Талапкерлер 28-октябрга чейин катталышы керек. 

Автор: Осмонова Айдана > 648 статей