БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрга белгиленди

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрга белгиленди

Садыр Жапаров

Өлкө башчы Садыр Жапаров жергиликтүү кеңештерди таркатуу жана жаңы шайлоо дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Буга байланыштуу Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү кеңештери таркатылып, кайра шайлоо өтөт.

Жарлыкка ылайык, жаңыдан шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалды. Ал эми үгүт иштери 17-сентябрьда башталат.

"Административдик-аймактык реформанын алкагында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамды Жогорку Кеңеш 20-июнда кабыл алып берген. Ага ылайык, Бишкектеги депутаттардын саны 45тен 235ке, Ош шаардык кеңешинин депутаттары 117 депутатка көбөйгөн болчу. Ал эми башка аймактарда мандаттар калктын санын эске алуу менен бөлүнөрү кабарланган. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей