БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: көчмө урна менен добуш берүү жүрүүдө
Бүгүн, 16-ноябрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо 9538 адам көчмө урна менен добуш берип жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 3746сы кары-картаңдар, 1979у майыптыгы барлар. 3145 адам оорусуна байланыштуу шайлоо участкаларына баралбастыгын билдирген.
Мындан сырткары үзгүлтүксүз иштөө цикли (вахталык иштер) бар ишканаларда, стационардык дарылоо-профилактикалык мекемелерде, шектүү жана айыпталуучу катары абактагы жарандардан, ошондой эле аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, аскердик бөлүктөрдө жашаган башка адамдар жана мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларынан 668 арыз түшкөн.
Эске салсак: 2437 шайлоо участкасынын ичинен 1129 тилкеде көчмө урналар менен добуш берүү жүрүүдө.
Автор: Осмонова Айдана > 791 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat