БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: саат 12ге карата 8.50% шайлоочу добуш берди

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: саат 12ге карата 8.50% шайлоочу добуш берди

Сүрөт: "Т-Медиа" /Максат Боромбаев

Борбордук шайлоо комиссиясы саат 12:00гө карата жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого катышкандар тууралуу маалымат жарыялады. Анда жалпы 4 миллион 135 миң шайлоочунун 351 миң 541и (8.50%) добуш берди.

Анын ичинде шаардык кеңешке 7.88%, айылдык кеңешке 8.90%. 

Таңкы саат 8:00 дө башталган добуш берүү кечки саат сегизге чейин уланат. Республика боюнча жалпысынан 2437 добушкана ачылган. 

17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоодо биринчи жолу аралыктан добуш берүү ыкмасы колдонулуп жатат. Бул үчүн Бишкекте төрт, Ош, Жалал-Абад, Каракол, Нарын, Баткен жана Талас шаарларында бирден добушканалар ачылган. 

Шайлоо 33 шаарда, анын ичинде Бишкек, Ош шаарларында жана 231 айылдык кеңештерде өтүүдө. Жалпы 33 шаардык кеңештеги миңдей мандат үчүн 5 миңдей талапкер ат салышууда.  

Автор: Осмонова Айдана > 791 макала