БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Жети журналистти актоо тууралуу чечим күчүнө кирди

Жети журналистти актоо тууралуу чечим күчүнө кирди

Сүрөт: t-media/Максат Боромбаев

25-ноябрда Бишкек шаардык соту "Массалык башаламандыктар" беренеси менен айыпталып жаткан журналисттерди актоо тууралуу жактоочулар жазган арызды карады. 

Соттук отурумдун башында жактоочулар Улан Сейитбеков менен Самат Матцаков судяларга ишеним көрсөтпөй турганын билдирди. Алар муну соттук коллегиянын ичинденги судялар мурда Болот Темировго байланыштуу ишти караганы менен байланыштырды. Мындан улам адвокаттар адилеттүү чечим чыгышына күмөн жаралаарын айтышты. Ал эми соттук коллегия өтүнүчтү канаттандыруусуз калтырып, айыпталуучуларга сөз берилди. Кийинки отурум 9-декабрга белгиленди.

Ошондой эле соттук отурумда Ленин райондук сотунун жети журналистти актоо тууралуу өкүмү күчүнө киргени, аларга карата прокуратура тарабынан апелляциялык арыздар жок экендиги айтылды. Судья алар соттук отурумга катышпай койсо да болорун айтты.

10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту "Temirov Live"жана "Айт, айт десе" долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга эркинен ажыраткан. Мындан тышкары "Алга Медианы" иштетип жаткан Актилек Капаров жана "Temirov Live" редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева коюлган айыптар боюнча күнөөлү деп табылып, үч жылга пробациялык көзөмөл менен бошотулган. Ал эми калган жети журналистке карата козголгон иштерде кылмыштын курамы жок деген негизде акталышкан. Алар "Темиров Live" редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков, медианын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев, Сапарбек Акунбеков, журналисттер Жоодар Бузумов, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу жана Сайпидин Султаналиевдер.

Журналисттердин жапырт кармалышы

Быйыл 16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Темиров Live" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аларды 13-мартка чейин камакка алган.

ИИМ журналисттерге "Массалык башаламандыктар" беренесинин үчүнчү бөлүгү "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" менен иш козголгонун билдирген.

Кийин "Темиров Live" редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына чыкса, медианын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев, Сапарбек Акунбеков да эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулган. Ал эми 9-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту  журналисттер Жоодар Бузумов, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу жана Сайпидин Султаналиевди үй камагына чыгарган.

26-сентябрдагы соттук отурумда прокурорлор менен адвокаттардын жана айыпталуучулардын жарыш сөзү болуп бүткөн. Анда мамлекеттик айыптоочулар шектүүлөрдүн ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү жана эркиндикте жүргөн журналисттерди сот залынан камакка алууну сураган.

Журналисттер эч кимди массалык башаламандыкка үндөбөгөнүн, аларды кармоо учурунда укуктары бузулганын, алар болгону  кесиптик ишмердиги менен алектенип келишкенин айтышкан. Ал эми айыпталуучулардын адвокаттары журналисттерге коюлуп жаткан айыптар тергөөдө жана сотто аныкталбаганын, кылмыш ишин козгоого негиз болгон материалдарга жасалган экспертизалардын корутундулары туура эмес экенин маалымдаган. 

Автор: Т-Медиа > 385 макала