БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

ЖК интернетте жалаа жабуу, мазактоого айып салган долбоорду үчүнчү окууда колдоду. Жаңы эреже эмнени өзгөртөт?

ЖК интернетте жалаа жабуу, мазактоого айып салган долбоорду үчүнчү окууда колдоду. Жаңы эреже эмнени өзгөртөт?

Сүрөт: naq.media

Эми сиз интернетте же ММКда маалымат айтаарда этият болушуңуз керек. Себеби, ал үчүн кылмыш жазасына тартылып калышыңыз мүмкүн. Мындай мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 19-декабрда үчүнчү окууда кабыл алып берди. Документке президент кол койгондон кийин күчүнө кирет. 

Мыйзам кандай иштейт? Ага ким жооптуу болот жана мыйзам бузгандар кандай жазага тартылат? Алдыда түшүндүрүп беребиз.

Министрлер кабинети "Мыйзам бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүну сунуштады. Анда кандай тобокелиликтер бар? Эми сиздин соцтармакка жазган маалыматыңыз же массалык маалымат каражатында жарыяланган макалаңыз үчүн башка жаран жалган жалаа жапты же мазактады деп милицияга арыз менен кайрылышы мүмкүн.

Арыз каттоого алынып, кылмыштын курамы болсо иш козголот. Болбосо укук бузуулар боюна сотко өткөрөт. Сот күнөлүү деп тапса жеке жактар 20 миң сом, юридикалык жактар 65 миң сом айып пул төлөп калат. 

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда массалык маалымат каражаттары, интернет-сайттар же алардын соцтармактардагы баракчаларына чыккан маалыматтардын чын-жалганын текшерет. Бирок долбоордо кайсы орган тарабынан текшерилери так көрсөтүлгөн эмес. Башкача айтканда, аны ИИМ текшереби, Маданият министрлиги карайбы, атайын комиссия түзүлөбү же эксперттик экспертиза жүргүзүлөбү — бул жагы ачык айтылган эмес.

Документте жалпы эле интернетте деп көрсөтүлгөн. Бирок вотсап, телеграм сыяктуу мессенжерлерден жана электрондук почтадан бир нече адамга жөнөтүлгөн билдирүүлөр тескелеби же тескелбейби? Бул суроого медиа юристтер да, Министрлер кабинети да, ИИМ, Маданият министрлиги да азырынча жооп айта албады.

Мындан сырткары документте маалыматтын чын-төгүнү кантип аныкталарынын так критеийлери да көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле "Жалган маалымат" дегенде эмнени түшүнүү керектиги ачыкталган эмес. 

Мыйзам сөз эркиндигин чектеши мүмкүнбү?

Жарандык коомдун өкүлдөрү, айрым депутаттар бул мыйзам сөз эркиндигин чектеп, чиновниктерге гана иштей турганын айтып жатышат. 

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева сөз эркиндигинин, адам укугу, эркиндиги сакталышы маанилүү экенин, эл аралык укуктук нормалардын сакталышына каршы келген жоболорду долбоордон алып салууга чакырган. Ага карабай парламент кабыл алды. 

2024-жылы Кыргызстан массалык маалымат каражаттырындагы сөз эркиндиги боюнча 120-орунга түштү. Изилдөөнү "Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюмунун жүргүзгөн. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 418 макала