БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ЖК кыргыз тилин билбегендерди судьялык кызматка дайындабоо тууралуу мыйзам долбоорду колдоду

ЖК кыргыз тилин билбегендерди судьялык кызматка дайындабоо тууралуу мыйзам долбоорду колдоду

Интернеттен алынды

Кыргызстандын сот тутумунун судьялык кызматына талапкер болгон адамдарга мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес деңгээлде билүүсүн милдеттендире турган мыйзам долбоору кабыл алынды. 

Аталган документти Жогорку Кеңеш 27-июндагы жыйынында дароо экинчи жана үчүнчү окууда колдоп берди. 

Мыйзам долбоорун депутаттар Шайырбек Ташиев, Марлен Маматалиев жана Айбек Маткеримов  демилгелеп, февраль айында коомдук талкууга койгон. Документ мамлекеттик тилдин укуктук негиздерин бекемдөө, сактоо, кыргыз тилин колдонуу жана бардык категориядагы жарандар үчүн сот адилеттигине бирдей жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында иштелип чыккан. Ташиев мыйзамдагы өзгөртүүлөр шайланган же азыр иштеп аткан судьяларга эмес, судьялык кызматка талапкерлерге гана жайылтыларын билдирген. 

Ошондой эле документте жакын туугандары уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлɵрү деп мыйзам менен таанылган жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгондор судьялык кызматка алынбай турганы жазылган. 

Былтыр 17-июлда президент Садыр Жапаров "Мамлекеттик тил жөнүндө" конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт.

Автор: Осмонова Айдана > 654 статей