БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

ЖК мамлекеттик оорукананын жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салган мыйзам долбоорду жактырды

ЖК мамлекеттик оорукананын жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салган мыйзам долбоорду жактырды

Сүрөт интернеттен алынды

Мамлекеттик оорукананын жетекчилерине жеке менчик клиникаларда иштөөгө тыюу салган мыйзам долбоору үчүнчү окууда өттү. Депутаттар бүгүнкү, 19-декабрдагы жыйында колдоп беришти. 

 Тийиштүү мыйзам долбоорун депутаттар Айсулуу Мамашова, Нилуфар Алимжанова, Аида Исатбек кызы, Бахридин Шабазов, Винера Раимбачаева, Эльдар Абакиров, Айбек Маткеримов демилгелеп чыгышкан.

 Анын максаты жарандарды  сапаттуу медициналык жардамды камсыз кылуу экендиги айтылган. 

Буга чейин Жогорку Кеңеште Саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов өлкөдөгү төрт мамлекеттик оорукананын жетекчисинин жеке клиникалары бар экендигин, 88  88 бөлүм башчы жеке медициналык мекемелерде иштеп жаткандыгын билдирген.

Учурда өлкөдө жалпы 193 мамлекеттик оорукана бар.

Автор: Бурханов Байэл > 24 макала