БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ЖМК: Газа тилкесиндеги ооруканага урулган соккудан 500дөй адам каза болду

ЖМК: Газа тилкесиндеги ооруканага урулган соккудан 500дөй адам каза болду

Сүрөт: Anadolu

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги 17-октябрда Израил армиясы Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндө жайгашкан Аль-Ахли ооруканасына чабуул жасаганын билдирди. “Би-Би-Синин” орус кызматы кабарлагандай, соккудан 500дөй адам набыт болду. Басылманын кабарчысы жергиликтүү тургундарга таянып маалымдагандай, жүздөгөн ички жер которгон адамдар оорукананын аймагында баш калкалоодо.

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары каза болгондордун саны 800гө жеткенин жазышты.

Израил армиясы ооруканага жасалган чабуулга тиешеси жок экенин билдирип жатат. Алар оорукана палестин жоочулары аткан ракеталардан талкаланганын айтышууда.

ХАМАС Израилге 7-октябрда кол салган. 1400дөй карапайым тургундун өмүрү кыйылган. Миңдеген адам жарадар болуп, экстремисттик топ 130дан ашуун адамды барымтага алган. Ошондон бери Израил армиясы – ЦАХАЛ-Газа тилкесине тынбай абадан сокку уруп жатат.

Газанын Саламаттык сактоо министрлиги соккудан каза болгондордун саны 2800гө, жарадарлар 10 миңге жеткенин кабарлады.

Автор: Т-Медиа > 355 статей