БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ЖК комитети ЖМК тууралуу мыйзам долбоорун колдогон жок

ЖК комитети ЖМК тууралуу мыйзам долбоорун колдогон жок

Сүрөт интернеттен алынды

Бүгүн, 13-февралда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин колдоосун тапкан жок. Документке комитеттин жыйынга катышкан алты мүчөсү добуш берип, үчөө "макул", үчөө "каршы" болду.

Депутаттар Гуля Кожокулова, Жанар Акаев сөз сүйлөп, мыйзам долбоору Кыргызстандагы сөз эркиндигине доо кетирерин белгилешти. Алар документти артка чакыртып алууну жана кайра иштеп чыгууну сунуштады.

Ал эми Нурланбек Арзыгалиев маданият жана спорт министри Алтынбек Максутов жыйынга катышканы менен анын ордуна баяндаманы орун басары жасаганын сындады.

ЖМК жөнүндө мыйзам

Кыргызстандын медиа коомчулугун тынчсыздандырып жаткан "ЖМК жөнүндө" мыйзамды 2022-жылы ноябрда президенттин администрациясы сунуштап чыккан. Анда медиа мекемелердин, журналисттердин иштөө тартиби, маалыматты топтоо жана аны таратуунун жол-жоболору жазылган. Президенттик администрация 30 жыл мурун кабыл алынган "ЖМК жөнүндө" мыйзам эскиргенин, аны жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү зарылдыгын белгилеп жатат. Негизги аргументтердин бири - азыркы мыйзамда маалыматты интернет аркылуу тараткан медиа каражаттардын иши тескелбей жатканы көрсөтүлгөн.

Бул мыйзам долбоор алгач сунушталгандан тарта эле коомчулуктун талкуусунда. Медиа эксперттер менен юристтер документтеги көп нормалар толугу менен Орусиянын мыйзамынан көчүрүлүп алынганын жана ал өлкөдөгү сөз эркиндигине коркунуч жаратарын айтып келет.

Мыйзам долбоордун мазмунуна келсек, сунушталып жаткан документке ылайык, өлкөдө медиа мекемелерди көзөмөлдөө күч алат. Анткени ММКлардын үстүнөн эми бир нече мамлекеттик орган карайт. Маданият министрлигинен сырткары Юстиция жана Санариптик өнүктүрүү министрликтери каттоо, лицензия берүүгө жана текшерүүгө аралашат. Ал эми теле жана радио компаниялар Байланыш агенттигинен лицензия алууга тийиш. Чет элдик маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Тышкы иштер министрлигинен акредитациядан өтөт. Буга кошумча интернет сайттар да ММК катары саналып, аларды тескөө күчөйт. Башкача айтканда мыйзам долбоор кабыл алынса бийликке жакпаган сайттар катталбай, алардын иши токтотулушу толук мүмкүн.

Президент Садыр Жапаров буга чейин "Жалпыга маалымдоо каражаттарына цензура кирбейт. Эркин медиага кысым болбойт" деп бир нече жолу айткан.

ЖМКлардын ишин тескөөчү азыркы мыйзам 1992-жылы кабыл алынган. Талдоочулар бул документти 30 жылдан бери эч өзгөрүүсүз иштеп келаткан сапаттуу, туруктуу жана сөз эркиндигин бекемдеген мыйзам катары сыпатташат.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей