БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"ЖМК жөнүндө" мыйзамды ЖКнын дагы бир комитети караган жок

"ЖМК жөнүндө" мыйзамды ЖКнын дагы бир комитети караган жок

Сүрөт: "Азаттык"

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 16-январдагы жыйынында "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоорун караган жок.

Депутат Улугбек Ормонов аталган долбоор маанилүү экенин айтып, биринчи окууда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри менен ички иштер министри келиши керектин белгиледи. 

Бул мыйзам долбоор 15-январда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин күн тартибинен да алынган. Анда депутат Айбек Осмонов мыйзам долбоордо талаштуу беренелер көп экендигин айткан. Ал бул мыйзамды кайрадан иштеп чыгууну сунуштаган. 

ЖМК жөнүндө мыйзам

Кыргызстандын медиа коомчулугун тынчсыздандырып жаткан "ЖМК жөнүндө" мыйзамды 2022-жылы ноябрда президенттин администрациясы сунуштап чыккан. Анда медиа мекемелердин, журналисттердин иштөө тартиби, маалыматты топтоо жана аны таратуунун жол-жоболору жазылган. Президенттик администрация 30 жыл мурун кабыл алынган "ЖМК жөнүндө" мыйзам эскиргенин, аны жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү зарылдыгын белгилеп жатат. Негизги аргументтердин бири - азыркы мыйзамда маалыматты интернет аркылуу тараткан медиа каражаттардын иши тескелбей жатканы көрсөтүлгөн.

Бул мыйзам долбоор алгач сунушталгандан тарта эле коомчулуктун талкуусунда. Медиа эксперттер менен юристтер документтеги көп нормалар толугу менен Орусиянын мыйзамынан көчүрүлүп алынганын жана ал өлкөдөгү сөз эркиндигине коркунуч жаратарын айтып келет.

Мыйзам долбоордун мазмунуна келсек, сунушталып жаткан документке ылайык, өлкөдө медиа мекемелерди көзөмөлдөө күч алат. Анткени ММКлардын үстүнөн эми бир нече мамлекеттик орган карайт. Маданият министрлигинен сырткары Юстиция жана Санариптик өнүктүрүү министрликтери каттоо, лицензия берүүгө жана текшерүүгө аралашат. Ал эми теле жана радио компаниялар Байланыш агенттигинен лицензия алууга тийиш. Чет элдик маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Тышкы иштер министрлигинен акредитациядан өтөт. Буга кошумча интернет сайттар да ММК катары саналып, аларды тескөө күчөйт. Башкача айтканда мыйзам долбоор кабыл алынса бийликке жакпаган сайттар катталбай, алардын иши токтотулушу толук мүмкүн.

Президент Садыр Жапаров буга чейин "Жалпыга маалымдоо каражаттарына цензура кирбейт. Эркин медиага кысым болбойт" деп бир нече жолу айткан.


ЖМКлардын ишин тескөөчү азыркы мыйзам 1992-жылы кабыл алынган. Талдоочулар бул документти 30 жылдан бери эч өзгөрүүсүз иштеп келаткан сапаттуу, туруктуу жана сөз эркиндигин бекемдеген мыйзам катары сыпатташат.

Автор: Осмонова Айдана > 620 статей