БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жогорку Кеңеш "Административдик-аймактык реформа" мыйзамын талкуусуз колдоп берди

Жогорку Кеңеш "Административдик-аймактык реформа" мыйзамын талкуусуз колдоп берди

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеш 20-июндагы жыйынында "Административдик-аймактык реформа тууралуу" мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окуудан  талкуусуз кабыл алды.

Депутат Камила Талиева аталган мыйзам долбоорун талкуулабай эле добуш берүүнү сунуштады. Буга айрым депутаттар каршы чыгышты. Жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен Талиеванын сунушу өтүп, парламент талкуусуз, суроо-жоопсуз кабыл алып берди.

Мыйзам долбоорду президент Садыр Жапаров демилгелеген. 13-июнда парламент биринчи окууда колдоп берген. Реформанын жыйынтыгында айыл аймактардын саны 452ден 235ге чейин кыскарган. Анын алкагында штаттык бирдикти каржылоого кеткен чыгым 4,8 миллиард сомдон 3 миллиард сомго чейин кыскарган.

Мамлекет башчысынын "Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" жарлыгы 2023-жылдын 30-декабрында чыккан. Ага ылайык облустагы айыл аймактардын көпчүлүгү ирилештирилген. Реформа пилоттук түрдө 2022-жылы Ысык-Көлдүн бир, Нарын облусунун беш районунда жүргүзүлгөн.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей