БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жогорку Кеңеш Акаевдин экс-президент макамын кайтарып берүү арызын колдогон жок

Жогорку Кеңеш Акаевдин экс-президент макамын кайтарып берүү арызын колдогон жок

Сүрөт интернеттен алынды

Жогорку Кеңеш Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын талкуусуз четке какты. Депутаттар бул маселени бүгүн, 25-сентябрдагы жыйында карашты.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 24-сентябрдагы жыйынында ушул маселени карап, алар да арызды четке каккан.

Аскар Акаев Жогорку Кеңешке экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп кат жибергени 5-сентябрда маалым болгон. Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова билдиришинче, Акаев кайрылуусунда бийликти өз эрки менен өткөрүп бергенин, андыктан экс-президент макамынан ажыратуу мыйзамсыз болгонун айткан.

Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылып, Москвага качып кеткен. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде Акаев менен курамына Жогорку Кеңештин беш депутаты кирген парламенттик комиссия сүйлөшүү жүргүзгөн. Ошондон кийин Акаев кызматтан кетүү жөнүндөгү арызын жазып берген. Арызды кийин Жогорку Кеңеш кабыл алган. Ал эми Акаев экс-президент макамынан 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен ажыратылган.

Кыргызстандын мурдагы президенттеринин ичинен "экс-президент" деген расмий макам Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдо гана бар. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев “экс” макамынан 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн декреттери, Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 27-июндагы токтому менен ажыратылган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей