БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жогорку Кеңеш башкы прокурор кызматына Асаналиевдин талапкерлигин колдоду

Жогорку Кеңеш башкы прокурор кызматына Асаналиевдин талапкерлигин колдоду

Максат Асаналиев

Парламент бүгүн, 5-июнда башкы прокурор кызматына Максат Асаналиевди дайындоого макулдук берди. Анын талапкерлигин президент Садыр Жапаров сунуштаган. 

Мунун алдында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети да кезексиз жыйында Асаналиевдин талапкердигин жактырган.

Максат Асаналиев ким? 

46 жаштагы Максат Асаналиев Ысык-Көл облусунун Тоң районун Ак-Терек айылынан болот. 2022-жылы Ош облусунун прокурору болуп дайындалган. Ага чейин Бишкектин Октябрь райондук прокуратурасынын тергөөчүсү, кийин Биринчи Май районунун прокурору болуп иштеген.

Жогорку Кеңеш 5-июндагы жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кызматтан кетүү арызын колдоду. Анын отставкага кеткени 3-июнда маалым болгон. 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей