БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жогорку Кеңеш эмгек министри кызматына Полотованын талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш эмгек министри кызматына Полотованын талапкерлигин жактырды

Сүрөт: Акипресс

Жогорку Кеңеш 12-июндагы жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна Жылдыз Полотованын талапкерлигин жактырды. 

Добуш берүүдө 82 депутат "макул" болду.  

7-июнда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулганы кабарланган. Анын ордуна Жылдыз Полотова милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

50 жаштагы Полотова акыркы төрт жылдан бери аталган мекемеде министрдин орун басары болуп иштеп жаткан. 2018-жылы премьер-министрдин уруксатысыз чет өлкөлөргө бир нече ирет саякаттаганы тууралуу чуулгандуу окуядан кийин кызматтан кетип, кайра келген.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей