БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Жогорку Кеңеш Равшанбек Сабировду министр кылып дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңеш Равшанбек Сабировду министр кылып дайындоого макулдук берди

Сүрөт интернеттен алынды

Жогорку Кеңештин 5-декабрдагы жыйынында депутаттар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына Равшанбек Сабировдун талапкерлигин жактырды. 

Жыйында Сабиров сөз сүйлөп, министрликти бардык жактан өнүктүрүп, мамлекетке, элге иштеп берүүнү убада кылды.

Мындан беш ай мурун, 12-июнда министр болуп дайындалган Жылдыз Полотова 4-декабрда башка ишке которулуп жаткандыктан бошотулган. Анын кайсы кызматка барары азырынча айтыла элек. 

Равшанбек Сабиров 2010-жылы парламентке “Ата Мекен” партиясынан депутат болуп шайланган. Кийин социалдык өнүктүрүү министри болгон. 2012-жылы коррупцияга шек саналып камакка алынып, сот тарабынан беш жылга кесип, эки жыл жазасын өтөгөн соң мунапыс менен абактан бошотулган. 

Сабировдун соттуулугу 2020-жылы жоюлуп, андан кийин президенттин кеңешчиси жана вице-премьер-министр кызматтарын аркалаган. Ал 2021-жылкы парламенттик шайлоодо “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2022-жылы март айында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы кызматына келип, ошол эле жылдын сентябрь айында кызматтан кеткен.

 

Автор: Боромбаев Максат > 157 макала