БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жогорку Кеңеш желекти өзгөртүү долбоорун талкуусуз кабыл алды

Жогорку Кеңеш желекти өзгөртүү долбоорун талкуусуз кабыл алды

Туунун сунушталып жаткан жаңы варианты

20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорду дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз эле колдоду. Документ жалпы жыйында дароо эле экинчи, үчүнчү окууда каралып, ага 59 депутат "макул", бешөө "каршы" добуш берди. Эми президент Садыр Жапаров кол койсо, сунушталып жаткан туу кабыл алынат. 

Депутат Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасына добуш берүнүн жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, документке үчүнчү окууда Дастан Бекешев, Сеидбек Атамбаев, Нуржигит Кадырбеков, Мирлан Самыйкожо жана Медербек Алиев каршы чыккан. 

Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев мыйзам долбоордун кабыл алынышы менен куттуктап, желек өзгөртүлбөй турганын, болгону оңдолуп гана жатканын белгиледи. 

Президент Садыр Жапаров 16-декабрда экинчи Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин билдирген. Мындан улам ал коомчуулкту желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун демилгелеген Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиевди тепкилебөөнү суранган.

Мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгесин үстүбүздөгү жылдын 29-сентябрында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов көтөрүп чыгышкан. Авторлор күн нурунун толкун сымал формасын күндүн түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүүнү сунуштап жатат. Алардын пикиринде, азыр туунун ортосундагы түндүктүн жана тегерегиндеги күн нурларынын сүрөтү күн караманы же боз үйдүн тышкы бетин элестеткен дилемманы пайда кылууда. Желектин сунушталган жаңы вариантында туунун нурлары тик чачырап, түндүктүн ортосундагы чамгарагы үчтөн төрткө көбөйтүлүп жатат.

Тууну өзгөртүү демилгеси коомчулукта талаш-талкуу жаратууда. 

Кыргызстандын азыркы мамлекеттик туусу Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Анын авторлору: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Мамат Сыдыков. Кызыл түстөгү туунун ортосуна алтын түстөгү бирдей өлчөмдөгү кырк нурлуу күн түшүрүлгөн. Анын ичинде кызыл түстөгү кыргыз боз үйүнүн түндүгү тартылган. Желектин кызыл түсү эрдикти жана тайманбастыктын символу катары тандалган. Ал эми түндүк - үйдүн кутунун символу, күндүн кырк нуру кыргыздын кырк уруусунун Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей