БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жогорку Кеңеш желекти өзгөтүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Жогорку Кеңеш желекти өзгөтүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Жогорку Кеңештин жыйыны. 29.11.2023

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документти 66 депутат колдоп, сегизи каршы болду.

 

Парламентте мыйзам долбоорун талкулоого 30 депутат жазылган. Бирок беш-алты эл өкүлү сүйлөгөндөн кийин депутат Акылбек Түмөнбаев суроо-жоопту токтотуп, добуш берүүгө өтүүнү сунуштады. Аны кесиптештери колдоп, добуш берүүгө өтүштү.

Тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору парламенттин дагы эки окуусунда каралышы керек. 

Желекти өзгөртүү демилгесин үстүбүздөгү жылдын 29-сентябрында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов көтөрүп чыгышкан. Авторлор күн нурунун толкун сымал формасын күндүн түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүүнү сунуштап жатат. Алардын пикиринде, азыр туунун ортосундагы түндүктүн жана тегерегиндеги күн нурларынын сүрөтү күн караманы же боз үйдүн тышкы бетин элестеткен дилемманы пайда кылууда.

Бул демилге коомчулукта талаш-талкуу жаратууда. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей