БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жогорку Кеңешке 85 жыл. Кыргыз парламентти жөнүндө эмнелерди билесиз?

Жогорку Кеңешке 85 жыл. Кыргыз парламентти жөнүндө эмнелерди билесиз?

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши 1938-жылы 18-июлда түзүлгөн. Быйыл Кыргыз парламентине 85 жыл болду. Бүгүн расмий белгиленүүдө. Ага утурлай биз Жогорку Кеңешке тиешелүү маанилүү даталарды топтоштурдук.

 

1938-жылдын 24-июнунда биринчи  Кыргыз ССР Жогорку Советине жалпы элдик шайлоо өткөн. Ага 284 депутат шайланган. 1938-жылдын 18-июлунда Жогорку Кеңешинин биринчи сессиясы өткөн.

Ал эми экинчи чакырылышка шайлоо тогуз жылдан кийин 1947-жылдын 16-февралында өткөн. 

Үчүнчү чакырылышка шайлоо болсо, 1951-жылдын 18-марттында өтүп, анда 313 депутат шайланган.  Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышы 1955-жылдын 6-мартында шайланган. 1959-жылдын 15-мартында бешинчи чакырылышы шайланган.  Анда депутаттардын саны 329 га жеткен. 

Биринчи чакырылыштан сегизинчи чакырылышка чейин Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаттары 4 жылдык мөөнөткө шайланган. Тогузунчу чакырылыштан тартып, тактап айтканда 1975-жылдан депутаттык ыйгарым укуктардын мөөнөтү 5 жылга белгиленген.

 "Легендарлуу парламент"

Жогорку Советтин он экинчи чакырылышы "легендарлуу парламент" катары  элдин эсинде калган. Ал 1990-жылдын апрелинен 1994-жылдын сентябрына чейин иштеген. 1993-жылдын майынан тартып, жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши деп атала баштаган.

"Легендарлуу парламент" Кыргызстандын көз карандысыздыгынын жана демократиялык түзүлүшүнүн саясий, укуктук жана экономикалык негизи болуп калган бир катар маанилүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алган.

XII-чакырылыштагы парламенттин 14-сессиясында миңге жакын маселе каралып, 148 жаңы улуттук мыйзам кабыл алынган,жаңы жана мурдагы 105 мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген, ошондой эле 964 токтом бекитилген. 

XII-чакырылыштагы парламент тарабынан Эгемендүүлүк жөнүндө, Көз карандысыздык жөнүндө декларация кабыл алынып, Кыргызстандын алгачкы президенти шайланган.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын алгачкы Конституциясы кабыл алынган. Мындан сырткары мамлекеттик башкы символдор  киргизилген.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык 1995-жылдын февралында I-чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо өткөн.

Азыркы депутаттар VII-чакырылыштын депутаттары. Алар  2021-жылы 29-декабрда ант берип, ишке киришкен. Жаңы Баш мыйзамга ылайык, парламентке бир мандаттуу 36 округдан 36 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланган.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей