БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жогорку Кеңеште дагы бир депутат «чет элдик өкүл» мыйзамынан баш тартты

Жогорку Кеңеште дагы бир депутат «чет элдик өкүл» мыйзамынан баш тартты

Сүрөт: Жогорку Кеңеш

Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарга каршы демилгеленип жаткан «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорунун демилгечилеринин тизмесинен дагы бир депутаты чыкты. Жогорку Кеңештин сайтындагы жаңыланган тизмеде эл өкүлү Арсланбек Малиев жок. 

 

Малиев бул долбоорго автор болбогонун 20-октябрда «Азаттыка» билдирген. Ал эми депутаттын жардамчысы Гүлжамал Атакулова Арсланбек Малиев документтерге башынан бери эле кол койбогонун белгилеп, эл өкүлүн авторлордун катарынан алып салуу боюнча Жогорку Кеңештин төрагасына кат жолдонгонун айтты.

Чуулгандуу мыйзам долбоору

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, 2022-жылдын ноябрында коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке кийин 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин бир нече депутат баш тарткан.

Бүгүнкү күндө демилгечи топто 19 депутат калды. Алар: Жылдыз Садырбаева, Гүлшаркан Култаева, Жаныбек Кыдыкбаев, Кундузбек Сулайманов, Карим Ханджеза, Жусупбек Коргонбай уулу, Айбек Маткеримов, Таалайбек Сарыбашов, Фархат Исмаилов, Аманкан Кенжебаев, Искендер Матраимов, Замирбек Мамасадыков, Нурлан Ражабалиев, Алишер Эрбаев, Жеңишбек Токторбаев, Султанбай Айжигитов, Акылбек Түмөнбаев, Жамила Исаева.

Мыйзам эмнени көздөйт? 

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбооруна ылайык, чет өлкөдөн каржыланган жана Кыргызстанда саясий ишмердик менен алектенген жергиликтүү бейөкмөт уюмдар «чет элдик тыңчынын ишин аткаруучу» деп таанылат жана тиешелүү реестрге катталат. Каттоодон өтпөгөн уюмдардын ишмердиги алты айга чейин токтотулат.

Мыйзам долбооруна ылайык, көзөмөлдү негизинен прокуратура органдары жана Юстиция министрлиги жүргүзөт. Документте алардын ыйгарым укуктары белгиленген. Мисалы, алар төмөндө көрсөтүлгөндөргө укуктуу:

  • Бейөкмөт уюмдардан алардын административдик жана каржылык документтерин талап кылууга;
  • БӨУлардын каржылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты мамлекеттик статистика органдарынан, салык органдарынан жана башка мамлекеттик көзөмөл органдарынан, ошондой эле банк мекемелеринен жана башка каржы уюмдарынан сураганга жана алганга;
  • Бейөкмөт уюм өткөргөн иш-чараларга катышуу үчүн өкүлдөрдү жөнөтүүгө;
  • БӨУлардын ишин, анын ичинде каражаттарды чыгымдоонун жана башка мүлктү пайдалануунун уюмдун уставында каралган максаттарга шайкештигин текшерүүгө.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, бейөкмөт уюмдар пландалбаган текшерүүлөргө да туш болушу ыктымал. Кезексиз текшерүүгө кайсы бир мамлекеттик органдын арызы негиз бериши мүмкүн.

Кылмыш кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, атуулдарды «жарандык милдеттерин аткаруудан баш тартууга жана башка укукка каршы келген аракеттерге» үгүттөгөн уюмдарды түзгөндөр жана жетектегендер же айып пулга жыгылат, же беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Мындай уюмдардын ишине жигердүү катышкандар же алардын ишин пропаганда кылгандар 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Буга чейин журналситтер Антиплагиат кызматынын жардамы менен талдап чыгып, мыйзам долбоорунун көбү орусиялык «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныкташкан.

«Адилет» укуктук клиникасы «чет өлкөлүк өкүл» мыйзам долбоорун талдап чыгып, анын 98% Орусиянын «чет элдик агенттер» тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган. Юристтер бул документ өлкөдөгү сөз эркиндигине, жарандык жана саясий укуктарды жайылтуу менен алектенген бейөкмөт уюмдардын ишине коркунуч жаратарын белгилешет.

Автор: Т-Медиа > 353 статей