БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Жогорку Кеңеште жаңы депутат Жайлообай Нышанов ант берди

Жогорку Кеңеште жаңы депутат Жайлообай Нышанов ант берди

БШК тараткан сүрөт

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 18-декабрдагы жыйынында жаңы дайындалып келген депутат Жайлообай Нышанов ант берди. 

Борбордук шайлоо комиссиясы 16-декабрда Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Чынберди Төлөнөв мандатын тапшыргандыгын билдирген. Ушул эле күнү анын  ордуна Жайлообай Нышанов мандат алган. БШКнын маалыматына караганда, Төлөновдун мандаты өзү жазган арыздын негизинде алынган. Өзү азырынча себебин айта элек. 

Чынберди Төлөнов былтыр ноябрда диплом чырынан улам мандатынан ажыраган Фархат Исмаиловдун ордуна келген болчу.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы 2021-жылдын декабрь айында ишке киришкен. Анда жалпы 90 депутат - 36сы бир мандаттуу округдан, 54ү партиялык тизме менен шайланган.  Андан бери 21 эл өкүлүнүнүн мандаты ар кандай жагдайда алынган. Алардын ордуна башка эл өкүлдөрүн тандоо үчүн онго жакын бир мандаттуу округдарда кайра шайлоо өткөрүлдү.

Автор: Осмонова Айдана > 808 макала