БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жогорку Кеңештин депутаттары Палестинага гуманитардык жардам жөнөтүүнү сунуштап жатат

Жогорку Кеңештин депутаттары Палестинага гуманитардык жардам жөнөтүүнү сунуштап жатат

Сүрөт: kloop.kg

Жогорку Кеңештин 18-октябрындагы жыйынында айрым депутаттар Министрлер кабинетине Палестина элине жардам берүү жолдорун кароону сунуштады. Эл өкүлү Жалалидин Нурбаев Тышкы иштер министрлигине атайын эсеп ачууну өтүндү.

«Бизге элден «Палестинага кантип жардам берсек болот?» деп көп кайрылуулар көп болуп жатат. Менин сунушум Тышкы иштер министирлиги атайын эсеп ачса, элдин атынан, кээ бирлери акчалай жардам берели деген ниеттери бар. Бирок алар кантип, кайсыл жол менен беришин билбей жатышат», -деди ал. 

Депутат Айбек Осмонов дары-дармек, гуманитардык жардам жиберүүнүн жолун кароону сунуштады. Ал эми кесиптеши Жаныбек Кыдыкбаев Палестина эли үчүн Кыргызстанда эч ким үн катпай жатканын сындады. Эл өкүлү депутаттарга бир күндүк маянасын бөлүүнү айтты.

«Палестинада азыр биздин мусулман бир туугандарыбыз, ымыркайлар жана аялдар ооруканда эмес, көчөдө жатышат. Ушул күндө сууну да жаап коюшуптур. Суусу да жок. Чындыгында жардам беребиз деп кайрылгандар көп болууда. Ошого биз Жогорку Кеңеш өз позициябызды билдирип койсок».

Парламеттин төрөгасы Нурланбек Шакиев депутаттардын сунушун колдоп, кыргыз мамлекети согушту колдобогон, тынчтыкты сүйгөн эл экенин, Палестина-Израил согушунун токтошун, дипломатиялык жолу менен чечилишин талап кыларын билдирди. Ошондой эле кайдыгер карабай, сөзсүз түрдө Палестин элине гумжардам жөнөтүүнү кошумчалады.

«Бул масалени туура деп эсептейбиз. Анткени ал жерде көптөгөн адамдардын өмүрү кыйылып жатат. Согуш болууда. Адам өмүрү барынан кымбат. Андыктан биз мусулман дүйнөсү эч качан буга кайдыгер карабашыбыз керек. Палестиналык боордошторубузга тиешелүү гуманитардык жардамдарды беришибиз зарыл. Мен бул сунушту толук колдойм», -деди төрага.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги 17-октябрда Израил армиясы Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндө жайгашкан Аль-Ахли ооруканасына чабуул жасаганын билдирди. ЖМКлардын маалыматы боюнча соккудан 500дөй адам набыт болду. Жүздөгөн ички жер которгон адамдар оорукананын аймагында баш калкалоодо. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары каза болгондордун саны 800гө жеткенин жазышты.

ХАМАС Израилге 7-октябрда кол салган. 1400дөй карапайым тургундун өмүрү кыйылган. Миңдеген адам жарадар болуп, экстремисттик топ 130дан ашуун адамды барымтага алган.

Ошондон бери Израил армиясы – ЦАХАЛ-Газа тилкесине тынбай абадан сокку уруп жатат. Буга чейин Газанын Саламаттык сактоо министрлиги соккудан каза болгондордун саны 2800гө, жарадарлар 10 миңге жеткенин кабарлаган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей