БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ЖК комитети башкы прокурор Зулушевдин кызматтан кетүү тууралуу арызын колдоду

ЖК комитети башкы прокурор Зулушевдин кызматтан кетүү тууралуу арызын колдоду

Интернеттен алынды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети башкы прокурор Курманкул Зулушевди ээлеген кызматынан бошотууга макулдугун берди. Бул маселе комитеттин 4-июндагы жыйынына коюлду.

Маселе эми парламенттин жалпы жыйынында каралат. 

Курманкул Зулушев отставкага кеткени 3-июнда маалым болду. Буга байланыштуу расмий маалымат таратылган жок. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Зулушев кызматтан кетүү тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаровго арыз бергенин ырастап, бирок себеби тууралуу түшүндүрмө берген жок. Анын ордуна прокуратура системасынын ичиндеги кадрлардан талапкер каралып жатканын кошумчалады. 

Курманкул Зулушев башкы прокурорлук кызматына 2020-жылы 21-октябрда дайындалган. 

Быйыл 24-апрелде президент Садыр Жапаров ага өзүнүн кол алдындагыларды башкарууда туура эмес көзөмөлгө алгандыгы үчүн сөгүш жарыялаган.

54 жаштагы Курманкул Зулушев Ош облусунун Өзгөн районунда туулган. Ал 2007-2013-жылдары Чүй облусунун Сокулук районунун судьясы, 2013-2015-жылдары Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп иштеген. 2015-жылдан 2020-жылга чейин Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей