БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ЖК комитети желекти өзгөртүү долбоорун эки окууда колдоду

ЖК комитети желекти өзгөртүү долбоорун эки окууда колдоду

Туунун сунушталып жаткан жаңы варианты

Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер комитетинде тууну өзгөртүү маселеси каралды. Жыйынтыгында комитет мыйзам долбоорун дароо эки окууда колдоп берди. Документ эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына экинчи окууга чыгарылат.

Комитет жыйында депутат Мирлан Самыйкожо желектин айланасындагы талаш-талкууга чекит коюу үчүн референдум өткөрүүнүнү сунуштады.

"Туу бул бүтүн кыргыздын туусу. Дыйкандын да туусу, койчунун туусу, баарынын туусу. Кыргы Республикасынын 2-беренесинде көрсөтүлгөндөй бул мамлекеттик маанидеги маселе болгонуна байланыштуу референдум аркылуу чечилиш керек деп сунунш берем. Баардык эл добуш бериши керек. Бул тууну кабыл алып берген легендарлуу парламентте 350 депутат бар болчу. Ошолор кабыл алган тууну биз 90 депутат өзгөртүп койгону акыбыз жок"-деген ал.

Ал эми желекти өзгөртүүнү демилгелеген Улан Примов тууга өзгөртүү эмес, жакшыртуу, толуктоо киргизилип жатканын айтып, референдум өткөрүүгө зарылчылык жоктугун белгиледи.

Президент Садыр Жапаров 16-декабрда экинчи Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин билдирген. Мындан улам ал коомчуулкту желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун демилгелеген Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиевди тепкилебөөнү суранган.

Мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгесин үстүбүздөгү жылдын 29-сентябрында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов көтөрүп чыгышкан. Авторлор күн нурунун толкун сымал формасын күндүн түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүүнү сунуштап жатат. Алардын пикиринде, азыр туунун ортосундагы түндүктүн жана тегерегиндеги күн нурларынын сүрөтү күн караманы же боз үйдүн тышкы бетин элестеткен дилемманы пайда кылууда. Желектин сунушталган жаңы вариантында туунун нурлары тик чачырап, түндүктүн ортосундагы чамгарагы үчтөн төрткө көбөйтүлүп жатат.

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган. 66 депутат "макул" болуп, сегизи "каршы" деп добуш берди. Мыйзам долбоору дагы эки окууда каралат.

Тууну өзгөртүү демилгеси коомчулукта талаш-талкуу жаратууда. 

Кыргызстандын азыркы мамлекеттик туусу Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Анын авторлору: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Мамат Сыдыков. Кызыл түстөгү туунун ортосуна алтын түстөгү бирдей өлчөмдөгү кырк нурлуу күн түшүрүлгөн. Анын ичинде кызыл түстөгү кыргыз боз үйүнүн түндүгү тартылган. Желектин кызыл түсү эрдикти жана тайманбастыктын символу катары тандалган. Ал эми түндүк - үйдүн кутунун символу, күндүн кырк нуру кыргыздын кырк уруусунун Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей