БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жогорку Кеңештин тармактык комитети желекти өзгөртүүнү колдоду

Жогорку Кеңештин тармактык комитети желекти өзгөртүүнү колдоду

Туунун ЖК комитети жактырган варианты

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери комитетинин мүчөлөрү мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Документ эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйында талкууланат.

 

Комитет жыйында демилгечилердин бири Улан Примов азыркыдай түндүктө 3 чамгарак эмес, төртөө болорун айтты. 

"Боз үй канчалык чоң, кенен болсо түндүктүн да чамгарактары көбүрөөк болот.  Авторлор менен биргеликте ошол варинатты сунуштадык. Көрүнүшү жакшы болот, анан убагында ата-бабаларыбыз дагы ушундай түндүктү көтөрүп жүрүшкөн. Тарыхты да карадык", — дейт Примов.  

Ал эми депутат Дастан Жумабеков тууну өзгөртүү боюнча элдин пикирин билүү үчүн референдум өткөрүүнү сунуштады. 

"Тууну өзгөртүү бул жети миллион элдин жүргөнүнөн өтө турган маселе. Ар бир Кыргызстандын жаранына тийиштүү бул өзгөрүү. Өзүнүз айттыңыз тууну өзгөртүүнү колдогондор да бар, колдобогондор да бар. Туура айттыңыз. Бирок биз ошону салмакташыбыз керек да. Бул чоң оорчуңду маселе. Эл кабыл ала турган маселе. Буга биз кылдат мамиле кылышыбыз керек"-деген ал.

Үстүбүздөгү жылдын 29-сентябрында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов тууну өзгөртүү каралган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышкан. Авторлор күн нурунун толкун сымал формасын күндүн түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүү сунуштап жатат. Алардын пикиринде, азыр туунун ортосундагы түндүктүн жана тегерегиндеги күн нурларынын сүрөтү күн караманы же боз үйдүн тышкы бетин элестеткен дилемманы пайда кылууда. Бул демилге учурда коомчулукта талаш-талкуу жаратууда. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей