БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Нурланбек Шакиев: гимнди өзгөртөбүз

Нурланбек Шакиев: гимнди өзгөртөбүз

Сүрөт интернеттен алынды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев гимн өзгөрөрүн билдирди. Ал бул тууралуу Кара-Кыргыз Автоном облусунун 100 жылдыгы, анын туңгуч жетекчиси Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган жыйында айткан. 

Нурланбек Шакиев буга себеп катары Кыргызстан өнүгүү жолундагы өлкө экенин, гимн баары бирдей ырдай турган болушу керектигин белгилеген. 

"Биз гимнди өзгөртөбүз. Себеп дегенде, гимнди кабыл алганда Советтер союзунан чыккан маал болгон. Азыр биз толук бутуна турган, кадыресе өнүгүү жолуна түшкөн мамлекетпиз. Ошон үчун биз гимди өзгөртүшүбүз керек. Бардык кыргыз эли ырдай турган гимн болушу керек"- деген төрага. 

Кыргызстанда гимнди өзгөртүү маселеси буга чейин да көтөрүлгөн. 2012-жылы декабрь айында анын экинчи куплети толугу менен алынып салынган. Ага "бейкуттук"деген сөз терс мааниге ээ деген пикир себеп болгон. 

Гимн 1992-жылдын 18-декабрында Жогорку Кеңеште үч куплет болуп бекитилген. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев жазган. Обону Калый Молдобасанов менен Насыр Давлесовдуку.

Былтыр мамлекеттик символдордун бири желек да өзгөртүлгөн. Анын дизайнын жаңылоо тууралуу мыйзам долбоору 2023-жылы декабрда Жогорку Кеңеште талкуусуз кабыл алынган. Ага президент Садыр Жапаров 22-декабрда кол койгон. 

Автор: Осмонова Айдана > 795 макала