БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жогору сот Атазовду мандаттан ажыраткан чечимди күчүндө калтырды

Жогору сот Атазовду мандаттан ажыраткан чечимди күчүндө калтырды

Сүрөт интернеттен алынды

Мындай чечимди сот коллегиясы 30-апрелде чыгарганын Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сот Бишкектин Административдик жана шаардык сотторунун Атазовдун мандатын Абдурахман Мурталиевге өткөргөн бөлүгүн дагы жокко чыгарды. Эми Муртазалиевдин ошол кездеги шайлоодо алган добушу жарактуу болот. 

Быйыл 1-мартта Бишкектин административдик соту Атазовдун мандатын Абдурахман Муртазалиевге берүү тууралуу чечим чыгарган. Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган. 26-апрелде Атазов Бишкек Административдик сотунун жана Бишкек шаардык сотунун чечимдерин жокко чыгаруу максатында Жогорку сотко кассациялык тартипте даттануу жолдогон. 

28-апрелде Атазов мандаты алынып жатканына байланыштуу видео кайрылуу жасап, 7-чакырылыштын депутаттарына кысым көбөйгөнүн айткан. 

2022-жылдын 27-февралында Бишкектин Свердлов району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өтүп, анда талапкер Абдурахман Муртазалиев озуп чыккан. Ал эми Шайлообек Атазов экинчи орунду алган. Бирок милиция Муртазалиевдин тарапташтары делген адамдарды добуш сатып алууга шектеп кармаган. Мындан улам Борбордук шайлоо комиссиясы Муртазалиевди депутаттыкка талапкерлердин катарынан чыгарып, Атазов мандат алган.

21-февралда Муртазалиевдин жактоочусу Таалайкүл Токтакунова БШКга кайрылып, Атазовдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуп, мандатты Муртазалиевге берүүнү суранган. Анда ал буга чейин милиция добуш сатып алууга шектеп кармаган адамдардын Муртазалиев менен байланышы жок экени Свердлов райондук сотунда аныкталганын билдирген.

 

Депутаттардын мандатын алуу

Ушул күнгө чейин ар кандай жагдайда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын бир нече  депутаты мандатынан ажыратылды. Алар: Орозайым Нарматова, Жаныбек Абиров, Фарходбек Алимжанов, Фархат Исмаилов, Өмүрбек Бакиров, Эмил Жамгырчиев, Абдыбахаб Боронбаев, Искендер МатраимовНурлан РажабалиевАйбек ОсмоновАдахан МадумаровЖусупбек Коргонбай уулуМаксатбек Сарбагышев.

28-апрелде Айбек Осмонов, Искендер Матраимов жана Нурлан Ражабалиевдин ордуна мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү.

Автор: Анарбаева Наргиза > 110 статей