БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жогорку соттун коллегиясы "Клооп Медианы" жоюу чечимин кабыл алды

Жогорку соттун коллегиясы "Клооп Медианы" жоюу чечимин кабыл алды

Сүрөт интернеттен алынды

Жогорку соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы "Клооп Медиа" коомдук фондун жоюу боюнча акыркы чечимди кабыл алды. Ага ылайык, Бишкектин Октябрь райондук сотунун фондду ликвидациялоо тууралуу өкүмү өзгөрүүсүз калды. Чечим 16-июлда чыкканы белгилүү белгилүү болду. 

Бул чечим акыркы болуп эсептелет жана ал боюнча даттанууга болбойт. Өкүм 16-июлдан тарта мыйзамдуу күчүнө кирген. Басылманын негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин Жогорку соттун чечимин "ушундай эле болмок" деп атап, "Клооп" эч нерсеге карабай ишин улантарын белгилеген. 

"Негизи биз башканы деле күткөн эмеспиз. "Клооп" эч нерсеге карабастан ишин улантат. Фондду жоюу боюнча соттор башталгандан бери соцтүйүндөрдөгү катталуучуларыбыз көбөйдү. Бизди жок дегенде бир кыргызстандык окуп жаткан чакта курч иликтөөлөрүбүздү жана бейтарап жаңылыктарыбызды чыгара беребиз".

Жогорку сот чечим азырынча комментарий бере элек. 

Буга чейин Бишкек шаардык соту "Клооп Медианын" аппелляциялык арызын кароодон баш тарткан. Буга соттук коллегия арыз берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткен деген жүйө келтирген. Басылманын юристи Нурбек Сыдыков шаардык соттун чечимине каршы Жогорку сотко арыз берилерин билдирген. 

Октябрь райондук сотунун "Клооп Медианы" жоюу чечими 9-февралда чыккан. Аларга медианы жабуу арызы менен Бишкек шаардык прокуратурасы кайрылган.

"Клооптун" орус тилиндеги сайты былтыр 12-сентябрдан тарта жабылган. Ага "Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганы кабарланды" деген материал негиз болгон. Атайын кызмат материал "чындыкка коошпойт жана УКМКнын аброюна шек келтирет" деп Маданият министрлигине кайрылган. Министрлик ноябрь айында ушул эле материалга байланыштуу "фейктер жөнүндөгү" мыйзамдын негизинде "Клооптун" кыргыз тилиндеги ky.kloop.asia доменинде жайгашкан сайтын бөгөттөгөн."Клооп" бул чечимдерге макул эмес экенин билдирип келет.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей