БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Жогорку соттун төрагасы болгон Сатыев тууралуу эмне белгилүү?

Жогорку соттун төрагасы болгон Сатыев тууралуу эмне белгилүү?

Сүрөт интернеттен алынды

Октябрдын башы Жогорку соттун төрагасынын алмашышы менен башталды. Буга чейинки төрага Замирбек Базарбеков өз каалоосу менен кызматтан кетип, ордуна 22-октябрда Судьялар кеңеши Медер Сатыевдин талапкерлигин сунуштады. 23-октябрда аны Жогорку Кеңеш талкуусуз колдоп, кийинки күнү президент кол коюп, Сатыев жаңы кызматка келди

Медербек Сатыев ким? Ага чейин Жогорку сотто төрагалык кылган Базарбеков ким эле? Ачык булактагы маалыматтарды тизмектеп беребиз. 

Медербек Сатыев азыр 50 жашта. Ал президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин айланасында таанылган инсан. 

2012-жылы ошол кездеги депутаттар Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытовдор “Кумтөр” иши боюнча “бийликти күч менен басып алууга” айыпталып кармалып, 2013-жылы 1,5 жылга чейин эркинен ажыратылган эле. Ошондо Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы аларды актаган чечим чыгарган. Коллегиянын курамында Медербек Сатыев да болгон. Кийин бул чечимди чыгарууда процессуалдык кодекстин нормалары бузулган деген негизде Сатыев башка кесиптештери менен бирге кызматтан кеткен

2015-жылы Сатыев Жогорку Кеңештин депутаттыгына “Республика-Ата Журт” партиясы менен 43-тизмеде талапкерлигин койгон. 
 

2017-жылы Камчыбек Ташиев президенттикке талапкерлигин койгондо анын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталган. Кийин Ташиев талапкерлигин алып салган эле.  

 

 

Ага чейин Ош облустук сот департаменти бөлүмүндө, Ош облустук сотунда, Сузак, Сокулук райондук сотунда иштеген. Жогорку соттун сайтындагы маалыматта 2013-жылы Бишкек шаардык сотунда иштеп, кызматтан кеткенден кийин “Алай Лигнит” ЖЧКсын жетектеп турганы жазылган. Азыр “Алай Лигниттин” директору Сеитматов Муханбеткасым аттуу жаран. 

2020-жылы Садыр Жапаров бийликке келген октябрь окуяларынан кийин президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, бир жылдан кийин президенттик администрациянын жетекчисинин биринчи орун басары, 2022-жылы Жогорку соттун Сот департаментинин директору болгон. Быйыл жыл башынан бери Жогорку соттун судьясы болуп иштеп жаткан. 

Ал эми кызматтан кеткен Замирбек Базарбеков Садыр Жапаров абакта отурган мезгилде анын жактоочусу болгон. Муну 2022-жылы февралда кызматка талапкерлиги көрсөтүлүп жатканда Жогорку Кеңештин жыйынында өзү тастыктап берген эле. 

Ага чейин Ысык-Көл облустук прокуратурасында, Сузак, Ак-Суу райондук, Каракол, Балыкчы  шаардык сотторунда, Судьялар кеңешинде иштеген. 2014-жылы кызматтан кетип, Чүй адвокаттар коллегиясында 2020-жылга чейин жактоочу катары иштеп жүргөн. 2020-жылы ноябрда Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясында төрага, бир айдан кийин  президенттин Администрациясынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болгон.

Автор: Анарбаева Наргиза > 175 макала