БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбаев кызматтан кетти

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбаев кызматтан кетти

Сүрөт интернеттен алынды

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков кызматтан бошотулду. Жарлыкка президент Садыр Жапаров 11-октябрда кол койду.

Базарбаев өз каалоосу менен судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арыз жазган. Аны 10-октябрда Судьялар кеңеши канааттандырып, президентте жөнөткөн. Жогорку Кеңеш да макулдук берген

Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагалыгына 2022-жылы февраль айында келген. Ага чейин 2020-2021-жылдары президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы, Жогорку соттун судьясы кызматтарында эмгектенген.

Автор: Анарбаева Наргиза > 156 статей