БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жоламан жана Айсулуу Анталиядагы турнирде алтын утту

Жоламан жана Айсулуу Анталиядагы турнирде алтын утту

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргыз балбандары Айсулуу Тыныбекова жана Жоламан Шаршенбеков Түркияда өтүп жаткан "Яшар Догу" эл аралык турниринде алтын утту. 

Мелдеште Тыныбекова 62 кг чейинки салмакта күрөшкөн. Ал АКШнын, Түркиянын, Орусиянын жана Казакстандын балдандарын жеңген. 

Ал эми, Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмакта күрөшүп, казакстандык, өзбекстандык, түркиялык, ирандык балбандарды жеңди. 

Турнир Түркиянын Анталия шаарында өтүп жатат. Буга чейин мелдеште Айпери Медет кызы да алтын уткан.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей